таштак
- Таштуу, ташы көп (жерге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кудайдын калба каарына, / Сенда атыңды таштагың, / Жаман болот кудайга, / Ушул бойдон барганың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үңкүр кабак, үнү ачуу, / Карыш болот тырмактуу, / Качырганын узатпас, / Сегиз аршын буту бар, / Куйругунда куту бар, / Саңоорлору сары алтын, / Канаты күмүш ак туйгун, / Таштак бутак конушун, / Талпынды көккө карата.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бурулуш жолго салгандыр, / Түбү таштак кара суу, / Ичине кирип алгандыр, / Сууга жетер-жетпесте, / Аттын изи жоголуп, / Табылбай дайны калгандыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →