ташта1
- Колдон түшүрүп же ыргытып жиберүү.
- Көңүл бурбай, карабай коюу, калтырып кетүү, карабай кетип калуу.
- Керексиз, пайдасы жок нерсе катарында колдон чыгаруу, колго албай коюу.
- Калтырып коюу, токтотуп коюу, экинчи кайталабоо, тыйылуу.
- Көмөкчү этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Душмандын малы ар качан, / Душмандыгын кылат деп, / Чакмакташтын тулпарын, / Башын чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ордума мени таштасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– деди, / Башын кесип таштап кой, / Кана желдет тарт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…үнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →