ташкында
- Жээктен ашып-ташуу, кирүү, ташкын болуу.
- Толуу, артуу, көбөйүү, күчүнө кирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир үйлөсө күү менен, / Дарыйа толкуп чайпалып, / Сабасынан ташкындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →