таш1
- Сууда эрибей турган, тоо тектеринин тобуна кирүүчү ар түрдүү көлөмдөгү катуу зат.
- Таразага салып, теңдештирип өлчөө үчүн колдонулуучу белгилүү бир салмакта жасалган (1 килограммдык, 500 граммдык ж.б.) металл куймалары же ошондой эле максатта колдонулуучу башка нерселер, кадак таш.
- Шахмат, шашка оюндарынын фигурасы. Бильярддын шарлары.
- тар. Белгилүү болуп туруу үчүн кытай, калмак чиновниктердин же жогорку даражалуу төрөлөрдүн баш кийимине сайып алуучу белгиси.
- анат. Эркектин урук бези.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…даган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Төлгө кылып Каныкей, / Дөө Кошойдун Тайтору / Чапканынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →