татынакай

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Көрүнүшү, келбети сулуу, сымбаттуу, жакшынакай.
  2. Жагымдуу, келишкен, сонун, жарашыктуу, тартиптүү ж.б. Жамал татынакай кылып өзү саймалаган чыптамасын кийип жаңы жоолугун салынып, жыйналышка жөнөдү («Ала-Тоо»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бара жатса чоң Татай, / Татынакай жаш бала, / Алдынан калды көрүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сатайды сойуп кан ичип, / Тагына минип эл билип, / Татынакай жатсаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Бала ага өзүнүн асыл ташын тийгизди эле, ал куу баш татынакай мырза жигит болуп тура келди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →