таты
- Даамы келүү, даамдануу.
- өт. Жалпы сапаты, көлөмү, күчү ж.б. жактары боюнча экинчи бирөөнө же башка бир нерсеге тең келүү, барабарлашуу, ошончолук боло алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайа салып кер атка, / Минип алды далбайа, / Оркызыл менен Татыбек, / Кетип барат алдында, / Жабыкеге Йобалы: / — Татыбек жалгыз калыптыр, / Байкап аны карачы, / Бактыбайдын арада, / Көрүнбөйт көзгө карааны, / Татыбекти кетирбей, / Өзөктөн канын жайалы, / Минтип эбин табалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргыздан чыгат бир баатыр, / Ааламга туздай бүт татыр, / Калмак эмес, кытайды, / Каратат чаап ал каапыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адамсынган ант ургур, / Татыймын өзүм жеке эле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Санаасы бирге талапташ, / Олуйа Кошой кары өткөн, / Айдай бети жаркыган, / Айткан кеп балдай татыган, / Акылман Бакай дагы өткөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Эки кишинин эмгеги бир кишинин тамагына татыбайбы...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →