таттуу
- Кантка, балга ж.б. мүнөздүү даам, татты.
- өт. Уккулуктуу, жанга жагымдуу, сүйкүмдүү.
- Ынак, ынтымактуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигердин Каракөз, / Айтканы так таттуу сөз, / Анткен менен Каракөз, / Ниетинде күмөн бар, / Колдон келсе иш бөлөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айласы кетип Торгойдун, / Ачып көздү жумгунча, / Алтымышка жаш жетип, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Бастырып кетсе кантем, деп, / Башы мунун бек катты: / “Тийбесем тийбей калайын, / Тиктеп туруп баатырга, / Тилектүү максат канайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кеңгиреп ыйлап ар кайда, / Чогулуп өлүп алалбай, / Казып жерге кире албай, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Ыйлабаса мал таттуу, / Таттуу эмей неткени, / Көрүшпөгөн көрүшсө, / Аманбы деп мал-жаның, / Мурун айтып мал жагын, / Ал сураша кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Убара болбой мынчалык, / Жатсаң боло шүк эле, - / Бозуул деген бар экен, / Кеп айтканы шар экен, / Тили таттуу, боору таш, / Өзү чүлүк бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаның таттуу сеники, / Ар кимдики өзүнө, / Жаны таттуу билгин сен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →