таткан

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Жеп даамын татуу, даам сызып тамактануу, тамак-аш жеп ичүү, татыгын алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүлөнүп Тотой барыптыр, / Каракөз кебин салыптыр, / Хан Бактыбай карарып, / Ачып көзүн каранып, / Алдыңкы ээрдин жаланып, / Туз таткандай тамшанып: / — Каракөздүн кеби деп, / Айтып келген сенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Далай күнү бир жаткан, / Какайдын этин тең таткан, / Дөрбөнгө барсам болорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улуктугун урматтап, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Төрөлөр жакка өткөзүп, / Аш-тамагын татканда, / Дастарконун жыйганда, / Манас турду муну айтып: / — Кана, баатыр Ажыбай, / Келдиңби эсен көөнүң жай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып жатты буларды, / Көзүнүн жашы бурчактап: / — Тар курсакта жатпадык, / Талашып эмчек татканбыз, / Каныкей сүтүн актадың, / Кайаша мага айтпадың, / Өлүмгө сынап жумшадым, / Башыңды кайра тартпадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эсимде чөптү татканым, / Канча күн болду жатканым, / Уктаган көзүм ачыпмын, / Тура калсам ордумдан, / Таптаза болуп басыпмын, / Бүркөлүп калган кабакты, / Күн тийгендей ачыпмын, / Көкүрөктүн зардабын, / Үчөөңө айтып жатырмын, / Ашып кетти алты айдан, / Душмандын дартын тартыпмын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →