татарлар

китептерде 11 жолу, 3 китепте
  1. Татар калкынын негизин түзгөн эл.
  2. Крымда, Сибирде, Повольжеде жашоочу түрк элдеринин группасына кирүүчү кээ бир элдердин аты (наамы).
  3. 13–15-кылымдарда Алтын Ордо мамлекетине бириккен ар түрдүү түрк, монгол жана бир катар башка улуттардын аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йтып сөзүн токтоду, / Акылы терең Алмамбет, / Айтып сөзүн козгоду: / — Айлыңда адам даркан бар, / Адырың толгон аркар бар, / Аркарыңды атармын, / Аркардын этин татармын, / Ак кайыңды аралап, / Ат өргүтүп жатармын, / Антип жанды бакканча, / Атамдын этин татармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара калпак, түркмөндөн, / Өзүбек, татар, тажиктен, / Булардын күнү курусун, / Башкача болуп жаткан кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Татар, тажик, өзүбек, / Андайдан канча жүргөндү, / Бадакшан менен Балыкты, / Батышпай жаткан калыкты, / Ламдын бели кыйманы, / Боз үй тиккен кыйбаны, / Чакырса тойго… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ушул күнү кечинде биздикине бир нече киречи татар жигиттер келип түшкөн. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Муну Солто, Караколдо бир Абдылда деген чоң соодагер татары менен ортоктошуп айдаган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →