татаал

китептерде 10 жолу, 7 китепте
  1. Курамы ар түрдүү, бир канча бөлүктөрдөн, элементтерден турган, түзүлүшү жөнөкөй эмес.
  2. Түшүндүрүүгө, аткарууга, чечүүгө ж.б. кыйындык кылган, жеңил эмес, оор, кыйын.
  3. Басып өтүүгө, ишке ашырууга, жүрүүгө, иштөөгө ж.б. кыйынчылык келтирген, кыйноо тарттырган, тоскоолдуу, азаптуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кээде какыр чөл басып, / Кээде Ала Тоо басып, / Кээде кыйма таш басып, / Кээде татаал бел ашып, / Ар сонунга кез болду, / Бет алган жакка баратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзү манжу элинен, / Аттанып чыкты бул чочко, / Чаңбейсен тоонун жээгинен, / Канчасы буга кошулду, / Кара кытай элинен, / Үчөө келди татаалап, / Дайындуу чыккан элинен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кармашты мурун көрбөгөн, / Кармашып жоого көнбөгөн, / Анткени менен эр Чубак, / Бала да болсо эң чыйрак, / Какшытта жүрүп көнгөндөй, / Далайды мурун көргөндөй / Кагып ийип найзасын, / Тамылжыган Татайды, / Таамай Чубак сайыптыр, / Татаалаган манжууну, / Аңтара сайып салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыйкырлап Кумсар кас чыгат, / Утур келип калыпмын, / Жанын каткан камышка, / Өлтүрүп аны салайын, / Татаалы жок тазалап, / Жолду ача барайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайлоого көчүп, бир ашып, / Кыштоого көчүп, бир ашып, / Аламдын татаал белинде, / Жашым жетип он бешке, / Издеп келсем бул жерге, / Таанышканча эл менен, / Түйшүктүү болдум бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →