тат
- Тил аркылуу татканып даамын билүү.
- Тамактануу, оокат-аш ичүү, жеп көрүү.
- Турмуш-тиричиликтин ар кандайын: ачуу-таттуусун, оор-жеңилин, азап-тозогун башынан өткөрүү, билүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Татылданын бир кызын, / Жинге тийген эрге деп, / Айтчу эле Нурфанум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачпай напсиң неткени, / Атбай алаш жөн жатса, / Таласка булар жеткени, / Беймаал кыргыз жатыптыр, / Беш убак тамак татыптыр, / Чигитейдин уйкусу, / Он беш күнчө качыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аскер түшүп жатышты, / Жан казанын асышты, / Уйкунун даамын татышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күүгүм кире күн бата, / Токой да келип кошулуп, / Бугу этинен татышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →