тастай
- Жыпжылма болуп тасырайып туруу, бырышы жок, жаркыраган көрүнүштө болуу.
- Тайманбай, ийменбей кароо, уялбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачы адамдын чачындай, / Кашы кара чийгендей, / Көзү адамдын көзүндөй, / Кирпик какса билинип, / Оозунда тиши кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбетти Каныкей, / Көрбөсө да көргөндөй, / Билбесе да билгендей, / Бирге жүргөн эмедей, / Дайарланды даам, — деп, / Тастайып карап турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Айкөл Манас артынан, / Арылай кетти бастыра, / Калкылдаган кол менен, / Келе жатса Ырчы уул, / Шооруктун кызы Накылай, / Турган экен ташкайып, / Күзгүдөй бети тастайып: / — Келгин, уулдар, жол болсун, / Келдиби абам не болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…иштери бырышып, / Кеп айта албай турганда, / Баласын колдон жетелеп, / Айчүрөк кирди залкайып, / Айтып турду бул сөздү, / Айдай жеңең кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып: / — Эрди сайып, эл алып, / Ханды сайып, калаа алып, / Катарда киши сен болдуң, / Хандар менен тең болдуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чүрөк турду кашкайып, / Алмадай бети тастайып, / Колун сууга салды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →