таскакта

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Таскагын салып чуркоо, таскак менен жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп, / Ыйлап ийип бышаңдап, / Чылбырдан алып түшүрүп, / Таскактап катын жүгүрүп, / Билинип калса өлдүм деп, / Кара жандан түңүлүп: / — Карача менен Алача, / Окмогой менен Чокмогой – / Балдарыңдын кулдары. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин жанында, / Бирге жүргөн күчүктөр, / Бир күндүк жерден жыт алып, / Арсылдап үрүп үн салып, / Таскактап желип тайгандар, / Эчтекеден тайманбай, / Чиктей карай жүгүрдү, / Ылдамдап тайган кеткенин, / Эр Кененим көрүптүр, / “Жан көрбөсө жаныман, / Жарым кулач кетпег… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куткарбаска бет алып, / Таскактаган желмогуз, / Же бараткандыр бул кезде… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыдыртып элди айдады, / Барбаган айлы калбады, / Күнү айдап төрт бала, / Түнү айдап төрт бала, / Түн айдаган күн уктап, / Күн айдаган түн уктап, / Күнү-түнүн эсеби, / Жарым ай жүрдү таскактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →