тарых
- Өсүү, өнүгүү, өзгөрүү процессинде болуп турган чындык, көрүнүш.
- Өткөн турмушка, доорго таандык болгон окуялардын, баштан кечирилген ар кандай иштердин, фактылардын ж.б. жалпы жыйындысы.
- Адам коомунун өнүгүшү жөнүндөгү илим.
- Кандайдыр бир нерсенин өнүгүш, өзгөрүш жолу.
- Бирөөнүн башынан өткөн, бирөөгө же бир нерсеге тиешелүү, байланыштуу болгон окуялардын, фактылардын жыйындысы, алар жөнүндө айтылган же жазылып калтырылган баяндоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Азгашпаса пейлибиз, / Тарыхы толду кыргыздын, / Алдырбайбыз эми биз!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Батасы журтту байыткан, / Айтканы нуска тарыхтан, / Олуйа абам, жардам бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Уйдун тарыхын айтып бүткөндөн кийин, бир аз туруп Бейшемби:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эгерде сиз муну уккуңуз келсе, тарыхымды айтып берейин.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →