тары
- Тар болуу, кичирейүү, кууш тартуу.
- Сараңдык кылуу, кенен, март, берекелүү болбоо.
- Кыйынчылык, тарчылык болуу, кысылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңдайы дөң тултуйуп, / Мурду жалпак былчыйып, / Үстүңкү ээрди кемиреек, / Тиши чыгып ырсыйып, / Кара бойу мунардай, / Бир колу бар чынардай, / Туурасы көтөк тарыган, / Жер дүңгүрөйт каарынан, / Оозунан көбүк чачылып, / Төбөсү түшкөн көр өңдүү, / Үңүрөйүп ачылып, / Азуулары качырап, / Илебин чыкты кызталак, / Маңдай тери бы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим келди мына, деп, / Аламан салдың чуулган, / Силердин кептин баарысы, / Кулагына угулган, / Менин атым укканда, / Кең дүйнөсү тарыган, / Заманасы куурулган, / Кайра качса кеткендир, / Коросондун жерине, / Эми барып ээ болбойт, / Мурункудай элине, / Хандыгын берип келгемин, / Өчөшкөндүн бирөөнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эгин эксе ылайык, / Ысык экен жериңер, / Кой оозунан чөп албас, / Кой маарек экен элиңер, / Тарыбасын куурулуп, / Букарага пейлиңер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…Арың кеткен ит долу, / Абыкеме тийбейсиң, / Көңүлүңө сыйбайсың, / Көркүң менен ит долу, / Көбөшүмө тийбейсиң, / Долу сен, кар болоруң билбейсиң, / Кең дүйнөсүн тарытып, / Талкала, — деп долуну” / Жакып хан турду демитип, / Анда туруп Каныкей, / Атасына кеп айтты: / “Атаке баарыбызды тапкансың, / Бала кылып баккансың, / Өлгөн …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бу жерге бизден мурун да тилемчилер көп келе берип, элин тарытып койгон экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →