таруу1

китептерде 36 жолу, 8 китепте
  1. Шыпыргы баштанып чыгуучу майда дандуу кара эгин жана анын даны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Казактын калкы жай жатты, / Кара чайын кайнатты, / Актап койуп таруусун, / Талканынан жеп жатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үнүң каар, өңүң заар, / Көзүң кыйгач, ичиң чаар, / Таруудай бетте каның жок, / Кабуу тапсаң кишиге, / Ыракым кылар пейлиң жок, / Манастайсың бакырып, / Жөн жаткызбай көрүнө, / Атынан айтып чакырып, / Тирүү киши турмайал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өлөңүн айтып жаңырган, / Обонун кошуп жаңырткан, / Таруусун таштай актаган, / Катынын кыздай мактаган, / Иленин суусун бойлогон, / Кол кушуруп кой сойуп, / Тоскундай казак мында жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →