тартынчаак
- Жалтанчаак, уялчаак, тартынган, батына албаган, өтүмү жок, жүрөгү жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашкере баатыр ал экен, / Айкандын уулу Көкбөрү, / Анткени менен Көкбөрү, / Тартынчаак жайы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сен да, балам Сейтек, / Тартынчаак болот окшойсуң, / Жакылдаган катындын, / Жаагын жарып койбогон, / Алике менен Сатике.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →