тартын

китептерде 151 жолу, 9 китепте
  1. Таңып алуу, байланып алуу (мис. чарыкты).
  2. Жалтануу, айбыгуу, тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Артында турат чигиттин / Кашкайган сонун жигиттин, / Атайын келген Торгойдун, / Тасмадай бели бүгүлүп, / Тартынбай айткан кебине, / Атасынан түңүлүп, / Араң-араң токтолот, / Келейин деп жүгүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аларды көрүп күч алып, / Заар жүзүнө айланып, / Сом темирди артынып, / Чарайнасын тартынып, / Кетелегин кошо алып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүркүтүн берип кур калба, / Куртканын шаарын саа бердим, / Аны кошуп сурап кал, / Жана болсо орунчуң, / Жашырбай сырың айта сал, / Дагы берем тартынба, / Алар болсоң жана мал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тартынбастан баралы, / Кылычтап башын алалы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →