тартым
- Тамекинин, насыбайдын бир тарта тургандай өлчөмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Элебес айрысын чөпкө кынай сайып таштап, Бейшембинин жанына басып келди да эңкейип, кончунан чакчасын алып, өлчөп туруп оозуна бир тартым асмайды кагып жиберип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушуга деп «боор» тартымыш болчумун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →