тарткынчыкта
- Кандайдыр бир тарткынчыктан улам алдыга жылбай, артын көздөй тартылуу, кечигүү, кечеңдөө.
- өт. Батына албоо, тартынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күдүңдөшүп күбүрөп: / — Ырас айтат Тапан хан, / Бул айтканы акыл, — деп, / Куткарбаска барганда, / Бизди салат алдында, / Тарткынчыктап өз элин, / Алып калат аркага, / Калат эле жаныбыз, / Сейит менен жарашса, / Бизге келди кез ажал, / Сулуу кыз болуп каргаша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жаңкы жаман үндөн кийин солдат билектен алып, дагы жүр дегенде келин тарткынчыктай берди эле, бешмантчан чыпыйып турган немени жондон ары чып эттирип тартып жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →