тарткылык
- Тарта турган кыйынчылык, азап, шор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канча күндөн бер жакка, / Болгон уруш Лопнурда, / Адам, айбан туралбай, / Мээ кайнаган куу кумда, / Бекбача келип караса, / Келген экен капташып, / Бир тарткылык кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буурул атты жетелеп, / Буудандар жолго салышты, / Адамдан Гүлүс колу жок, / Айбандан буурул мойну ооруп, / Тарткылык келип капташып, / Мына мындай иш болуп, / Жазганбай жоого тийерде, / Жан айабай кирерге, / Айбаттуу эрдин колу жок, / Кастарлуу аттын мойну жок, / Суркойондун …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мээнет акыл таптырбайт, / Тарткылык үйгө жаткырбайт; / Ар кимиси ар үйдө, / Арстан Манас бир үйдө, / Ички эшиктин тышында, / Тышкы эшиктин ичинде, / Бир түзөңчө бар эле, / Кырылган кырктын кыйласы, / Чогулуп калды ал жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тарткылык кыстап Сейити, / Ажал ачуу келиши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп Сомбилек, / Айткандарын карачы: / — Тагдырдан жетсе тарткылык, / Тартпаска жоктур чарасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →