тарткы1

китептерде 17 жолу, 6 китепте тарткы 2 →
  1. Жыгач усталардын негизги аспабы.
  2. Мылтыктын сүмбөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрөй элек жаш келин, / Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Эки бут чачпак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ойон Сыргак аңгыча, / Оңдоп атын тарткыча, / Как далыга бир койду, / Капканын кара тоосундай, / Калдаңдаган Борончу, / Кара буурул атына, / Көмөрүлүп жыгылды, / Топого башы тыгылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сооруга найза мылк этип, / Тоо томорчуу куткарбас, / Томолонду шылк этип, / Чыпалактай кара кан, / Жерге түштү шыр этип, / Телкүрөң оозун тарткыча, / Шайтанын койбой каккыча, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Экөө эки кош болуп, / Алып кетти шып этип, / Сасык туман каптады, / Аламандап ат койуп, / Куткарбаст… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мадыкан бура тарткыча, / Чарайнанын четине, / Ай далынын бетине, / Качырып найза бир урду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →