тартаңда

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Тартаң-тартаң этип кыймылдоо, тартактоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алжапкыч бар тартылган, / Андан башка кийим жок, / Жылаңач келет тартаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп, / Кулжа менен караандаш, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Эр Алмамбет далдаңдап, / Багалеги балбаңдап, / Бычактай кара корумда, / Койуп барат тартаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баатыр болсоң бир күндүк, / Жарым күнгө калтырбай, / Эки колуң байласам, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Тартаңдатып кубалап, / Таласты карай айдасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Итти көрүп тартаңдап, / Качып жолго салыптыр, / Аксаган буту бугунун, / Сапа-сак болуп калыптыр, / Бергиси келсе кудайдын, / Ар бир иши аныктыр, / Эки тайган ээрчишип, / Чөпкө жетип барыптыр, / Кандай чөптү жеди, деп, / Шимшилешип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →