тартар

китептерде 36 жолу, 10 китепте
  1. Бөдөнөдөн чоңураак, узун буттуу, ылдам жөргөлөй турган куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркадан сени көргөндө, / Тостурбай өтсө шаарына, / Кайра тартар жери жок, / Тар капчыгай дарыйа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бейжиндин эли беш урук, / Беш уруктун чоңунан, / Чыкпады Жолой жолугуп, / Калганы келген чогулуп, / Кайра тартар чама жок, / Кутулар анда арга жок, / Кара жанга күч келди, / Кимдер баатыр, ким коркок, / Сынала турган кез келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эри өлгөн жесир катындай, / Албуттанып дакдаңдап, / Эки көзү чакчакдап, / Жазганып калар неме эмес, / Үрүстөм Дастан келсе да, / Кайра тартар кептенбейт, / Нак кутурган ит экен, / Өлүм жактан шектенбейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кышында кардын тереңдигинен жолго орноткон карагайларга киречилер көчүгүн коюп, попорос тартар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →