тартакта

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Тартак-тартак этип кыймылдоо, тарталактоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Терилери тилинип / Кабыргасы каркактап, / Сойулуп түшүп жүн калбай, / Шыйрактары тартактап, / Жердин тартып танабын, / Баштагыдай жүрө албай, / Көөдөндү жайып алчактап, / Кычышканга чыдабай, / Капталын кажап кылчактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп ошонтип кабарчы, / Айагы анда-мында бир тийип, / Алек-далек жүгүрүп, / Өпкөсү жок кургуруң, / Опсуз жаман сүйүнүп, / Жүрүп берди далбактап, / Минген котоз букасы, / Мүйүздөрү каркактап, / Басалбай минген букасы, / Тилин салып акактап, / Келеберсин кабарчы, / Жан айабай тартактар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бойун жыйбай далдактап, / Жыгылып-кооп калдактап, / Бага элеги балбактап, / Мурду көөп барбактап, / Чокморго кетип баратат, / Тоногон төөдөй тартактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
салып баркылдап, / Баштады сөзүн шартылдап: / — Улук Кыйаз –- пилиң ук, / Эл бийлеген бийиң ук, / Малың батпай короого, / Маалкаган байың ук, / Мал таба албай тартактап, / Басып жүргөн жардың ук, / Уул менен кызың ук, / Эриң менен катын ук, / Жашың менен карың ук, / Жумурай журт баарың ук, / Баланын аты Сейитек, / Ырысы толук … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бута атым чыгып абакең, / Бурулбай бара жатканда, / Эки жеңи салбактап, / Эки буту тартактап, / Буурул аттын чылбырын, / Бура кармап турду эми, / Эр Карадөө далдактап, / Чылбырдан кармап тыртактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →