тартай
- Буту-колу узун, тартагай көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ктын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Талаага чыгып топ кылып, / Кыйан жыйган чабардай, / Кемерге жыйып тоо кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Аңырайган жол кылып, / Саранжанын кошууну, / Тең жар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…жетип барайын, / Кененим мени табалбай, / Кеңгиреп мында жүргөндө, / Манастан калган Таласын, / Астын- үстүн кылайын, / Бул жерде турсам өлөмүн, / Туруп берсем тартайып, / Өзгөчө кордук көрөмүн, / Жалынсам койбойт жанымды, / Берсем да албайт Кененим, / Малым менен шаарымды, / Бекер өлүп кеткинче, / Таласка жетип барайын, / Кол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Кыргыз кытай жан тосуп, / Каптап келсе жолгошуп, / Бирин-бири бастырбай, / Жүргөн экен эки жак, / Кетер жагын тордошуп, / Азууларын аркайтып, / Төрт айагын тартайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Муруттарын шыпшыйтып, / Ачылып оозун ырсыйтып, / Эр өлүгү ар тоодой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кбай жүргөн жагынан, / Жалындаган от күйгөн, / Алдыңкы ээги шалпайган, / Жонунда өркөч каркайган, / Азуулары аркайган, / Мингени төөнүн чоңу экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң калган, / Чокмору бар колунда, / Арта салып ийинине, / Чандан эрден жан а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Төө ойлонуп: "Бул көп олжо экен, булардын коюн алыш керек", – деп өзүн он койго баалап, тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →