тарт
- Өзүнө карай сүйрөө, булкуу, жылдыруу, жыюу, ордунан козголтуу.
- Чоюу, керүү.
- Кандайдыр унаа менен кандайдыр бир жүктү ташуу, бир жерден экинчи жерге жеткирүү.
- Тамак-аш коюу, берүү.
- Тартуу кылуу.
- Таразалап ченөө, өлчөө.
- Музыкалык аспаптарды ойнотуу, күүгө келтирүү.
- Данды тегирменден же жаргылчактан өткөрүү, майдалоо.
- Белгилүү бир жакка багыт алуу, жөнөө, жүрүү.
- Тамеки, нашаа, насыбай чегүү.
- Жабыштыруу, сыйпоо, жугузуу.
- Кандайдыр бир түргө, кейипке келүү, бир абалдан экинчи абалга өтүү, өзгөрө түшүү.
- Дуушар болуу, башынан кечирүү, өткөрүү, көрүү.
- Кебетеси, кыялы, мүнөзү же башка белгилери боюнча окшоп, сыяктанып кетүү.
- Катыштыруу, жооптуу, милдеттүү кылуу, айыптоо.
- Белгилүү бир тарапты, адамды колдоого алуу, жактоо, болушуу, ошол жакка ниетин, пейлин салуу.
- Сүрөт түшүрүү, бир нерсенин сүрөтүн, элесин салуу.
- Жазы, жука нерсени (буюмду) керүү, керип илүү же калкалап коюу.
- Бөлүштүрүү, бөлүштүрүп берүү (карта оюнунда карта бөлүштүрүү).
- Төлгө салуу.
- Чабуу, чаап жиберүү.
- Өсүү, жетилүү.
- Биринен экинчисине өтүү, алмашыла баштоо.
- Даярдоо, даярдап чыгаруу (арак, пиво ж.б. сыяктуу ичкиликтерге карата).
- Бөлүп, ажыратып чыгаруу.
- Катар, кырка ж.б. болуп туруу, тизилүү, туурасынан тура калуу.
- Кандайдыр бир дабыш чыгара дем алуу, деми ичине тартылуу.
- Оруу, чабуу, жандыруу ж.б. максаттарга ылайык шилтөө, шилтей аракет кылуу.
- Белгилүү бир убактан, мезгилден баштап.
- Күч көрсөтүп же түрдүү аракеттерди, амалды колдонуп алып коюу, жулуп алуу, өзүнө оодарып, ыйгарып кетүү.
- «Токтот!», «жетишет!», «катылба» деген мааниде колдонулат.
- Бирөөнү өзүнө жакындатуу, өзүнүн таасирине өткөрүү, үйүр кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Каныкей, / Ат жетер жерден алдырып, / Элди арбын жыйыптыр, / Жерге төгүп алтынды, / Чөккөн төөдөй кылыптыр, / Ошол кезде Каныкей, / Элге айтып туруптур: / — Тилинен тартып өзөккө, / Ич этине тийбеңер, / Өлүп кетет тийсеңер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →