тарсылда

китептерде 55 жолу, 9 китепте
  1. Удаа-удаа тарс-тарс этүү, тарс-тарс, тарса-тарс эткен дабыш чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ри түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, / Эркин басып бээ саабай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Бир миң мылтык атылат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң му… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурун андай болчу эмес, / Кернейдин үнү угулуп, / Доолбас үнү карсылдап, / Атылып мылтык тарсылдап, / Найза, кылыч – жаракчан, / Колдорунда жартылдап, / Гүлүстөн анда муну айтат, / Кутургур чыкты бел байлап, / Аттанды аскер жайнап, / Алса дагы албаса, / Күн бешимге барганда, / Айылга тийет айгайлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жазайыл мылтык, жаа тартып, / Уруш болуп тарсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →