тарса

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. эск. Христиан дининдеги эл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бараң менен Шанхайды, / Жөөт менен тарсаны, / Жуда менен калчаны, / Каракалпак, Кыйваны, / Баарын мындан куткарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тарса, жөөт, сакалат, / Калчаны кошуп аралаш, / Чүржүт менен жуданы, / Сага берди буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Санаты тогуз күнүндө, / Бадакшандан, Балыктан, / Тарса, жөөт калыктан, / Түркмөн менен калчадан, / Андай нечен барчадан, / Жүржүт менен жудадан, / Калмактан көрүп кордукту, / Ар кайда жүргөн мындайдан, / Көңтөйдү Манас жеңди, деп, / Барбаганы калбаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Тарса-тур жаңкыдан күчөп кирип келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →