тарп1

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Жаныбардын өлүгүнөн калган калдык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Изин кууп баратып, / Чакмакташтын тулпары, / Өлүгүнө капташты, / Өлгөн экен баатыр деп, / Өлтүргөн экен каапыр, деп, / Койуп кетип баратып, / Чакмакташтын тарп болгон, / Өлүгүнө жанашты, / Башын кесип албаптыр, / Сөөгү калган агарып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса барар каңгайга, / Жанбай экен аркага, / Калдыктын жү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Батай, Катай, Тобуке, / Таталашып жатат, — деп, / Башы-көздө тарп калбай, / Балталашып жатат” — деп, / Каратилден Оторго, / Калтырбай такыр кат барган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алымсарык балага, / Армансыз болуп өлгүн, деп, / Туруп берди закыйып, / Тарпка канган кажырдай, / Көөдөндү тосуп лакыйып, / Ирмебей кирпик тиктесе, / Тоңгон уйдун көзүндөй, / Түбүндө кайнап чакыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дөңдөгү жалгыз өзүмө, / Таазим кылып көшүлө, / Айбанат тарп алганы, / Алиги турган жолборсум, / Ак туйгун болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоо текедей тарп кылып, / Талаада ичин жарбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →