тармал

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Толгонуп уюлгуп турган, быжыгыр (чач, жүн жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өңү кара көмүрдөй, / Тиши аппак седептей, / Эрди калың төрт эли, / Желкеси агып ириңдеп, / Чачы тармал үксөйүп, / Жаалысы катуу түктөйүп, / Оозун ачып эстенип, / Азуулары шакылдап, / Башына кийген туулга, / Калгандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кар тоонун сеңирден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки күндүн алдында, / Аттуу кетип баратсам, / Тармал саздын башында, / Ат үстүндө уктадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тандалган балбан зорунан, / Кол салышып келгенде, / Жан кутулбас колунан, / Талана деген бар эле, / Тармалкөк деген аты бар, / Тармалкөк ташты басканда, / Талкаланып кетүчү, / Талана талды кармаса, / Суусу агып чыгуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таза жерге жыктырдым, / Тармал ирик кырктырдым, / Кыздарга кылын тердирдим, / Шуушаң менен керттирдим, / Майда кумга сабаттым, / Төрт талаа кылып жасаттым, / Тигишип милте жаптырдым, / Тышынан чыраш тартырттым, / Ичине шайы ичтеттим, / Жээгине кара карматтым, / Борго кошуп болоттон, / Арасына ширеттим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…далдайып, / Алдыңкы ээрди шалпыйып, / Үстүнкү ээрди калбайып, / Чолок мурун неме экен, / Бетине батпай балчыйып, / Өңү кара көмүрдөй, / Көзү кайнап жылчыйып, / Тармалдашып сакалы, / Узун-кыска кырчылып, / Тиши чыгат агарып, / Ачылып оозу ыржыйып, / Кулагы пилдей калдаңдап, / Этеги кетип далбаңдап, / Боосу узун үзөңгү, / Эки буту … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →