таркылда

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Бакылдап орду жок сүйлөө, орой, токтому жок, маданиятсыз жүрүш-турушта болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайырма, чүрөк, соно бар, / Сазды ээлеп жердеген, / Ызгыч менен жагала, / Андай жандар бир канча, / Ала канат таркылдак, / Таң аткыча уктабай, / Сайрап чыгат таркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бытпылдак менен таркылдак, / Таң атканча таркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…үк буртулдап, / Бука келет бултулдап, / Түлкү келет кылтылдап, / Чөө каткырып шыңкылдап, / Кабылан келет карсылдап, / Кутурган иттер арсылдап, / Асманда кузгун таркылдап, / Кажырлар келет далпылдап, / Сарлар келет салпылдап, / Ителги, келет баркылдап, / Кыргый келет кыпылдап, / Ылаачын келет зыпылдап, / Карчыга менен бүркүт жок… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Оолугуп катуу сүйлөдү, / Кашка бай кары таркылдап: / — Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Менин толуп турган жашымда, / Баатыр Манас башында, / Абам Кошой кашында, / Кошой менен Оронгу, / Жөө к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ар учуп жаркылдап, / Асманда учуп бүркүттөр, / Таң чабыты калкылдап, / Бийиктен учуп кажырлар, / Тарп карашып далпылдап, / Алдында кузгун түшүптүр, / Кекиртеги таркылдап, / Айры куйрук кулаалы, / Ар жерде жүрөт салпылдап, / Чакчыгайлар чакылдап, / Көргөнүн туурап такылдап, / Талдан талга секирип, / Сагызганы шакылдап, / Желип ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →