тарбаңда
- Тарбайып, олдоксон кыймылда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки буту арбаңдап, / Сегиз башы калжаңдап, / Эки колу тарбаңдап, / Көп башында көп мурун, / Чаначтай көөп барбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…нде, / Кара жерге калтырак, / Дыр-дыр этип тийгенде, / Чыккынчыны Кененим, / Найзага илип алганы, / Көтөргөндө күү менен, / Колумда жарак калбады, / Төрт айагы тарбаңдап, / Өлгөн төөдөй дардайып, / Күүлөп-күүлөп алганы, / Күүсү менен Кененим, / Үрчүк тоого салганы, / Ушаланып жоголду, / Сөөгүнөн тайны калбады, / Ачакан менен Са…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайран Шууту карбаңдап, / Жан айабай барбаңдап, / Чынардай бойу салаңдап, / Дөөдөй буту тарбаңдап, / Көкчөкөзгө беттешип, / Кармашкан убак алчаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр Сыргак качырды, / Тоо экен деп кызганбай, / Минген пили карпаңдап, / Колу буту тарбаңдап, / Кошундун туруп ичинде, / Коркоктун көбү калдаңдап, / Күүлөдү майтык найзасын, / Күүсүн мунун байкагын - / Күркүрөгөн куусу бар, / Учунда жалын оту бар, / Уз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ышкын менен балжууран, / Боткоктору койкойуп, / Бүлдүргөн бышып төгүлүп, / Карагат турат мойтойуп, / Айуулар төрдө саксаңдап, / Токойдо шерлер чакчаңдап, / Кызыл ээк чал ойноп, / Жаш баладай шылкылдап, / Кызыл муштум жаш балдар, / Жүгүрүп ойноп чандаңдап, / Нечени жүрөт жөрмөлөп, / Бакадан бетер тарбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →