тарбай
- Тарбагай көрүнүштө болуу, арбайып, туш-тушка жайылып чыгып туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Басып барып алп Бозой, / Оң колу менен Нуранды, / Сол колу менен Чынарды, / Аткып белден кармады, / Колу-бутун арбайтып, / Бакадан бетер тарбайтып, / Батыш менен Чыгыштын, / Эки жаат элине, / Алып барып таштады, / Катар чыгып экөөнү, / Баатыр Бозой байге алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дердеңдеген кээ бирин, / Айландырып жерге чаап, / Кээ бирин Кененим, / Чыргадан бетер сүйрөтүп, / Этин ташка түлөтүп, / Тартайып сөөгү калганда, / Таштап койду тарбайтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тарбайып бойу Дөөдүр алп, / Баса албай калды тамталап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жанына келип караса, / Сөөгү турат эти жок, / Көзү көрбөй кал басып, / Эки өркөчү шылпыйып, / Төрт айагы тарбайып, / Өтө арык тартайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескей…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →