тараша
- диал. Жараңка.
- диал. өт. Комуз.
- диал. Жарылган (сынык) отун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарашага барам, деп, / Дайарланган күтүнүп, / Кененим кепке түшүнүп: / — Карыйабыз Аккубак, / Сакал-чачың баары аппак, / Болуп жаткан иштерди, / Жашырып-жаппай биз айтсак, / Тажиктердин Көкбөрү, / Ары баатыр, ары хан, / Өзү куйбу жылкыдай, / Чубут туулган адамдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачып көздү жумгунча, / Айта-буйта кылгынча, / Тарашанын кырына, / Чыгып барды чунагың, / Чай кайнатым убакта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тараша кетип быркырап, / Сыныктары асманга, / Учуп жүрөт чыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүсү менен найзанын, / Көмөлөтүп баратат, / Бет алган жагы чуркурап, / Туш-тушуна тарашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Камыш туура сынабы, / Ийилбеген шум найза, / Үзөңгүгө тамандап, / Тура калып Сейитим, / Колтугун өөдө көтөрүп, / Жерге карай силккени, / Тик-тигинен жарылып, / Тараша найза кеткени, / Эми Тапак неткени, / Тал-тал кетип куу найза, / Тарткан сайын кычырап, / Найзасын көрүп Тапактын, / Көзүнөн жалын от жайнап, / Каарданып түңүл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →