таранчы
- Бозомук күрөң түстүү кичине канаттуу.
- Иле боюнда жашаган уйгурларды илгери кыргыз казактар таранчы дешкен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Кара курттай кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Жерге батпай жыбырап, / Алты хан келип баш кошту, / Ар башка сүйлөп кужулдап, / Биринин кебин бири укпай, / Таранчыдай быжылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төшүнө кайып жайылган, / Кай бирден келип жыйылган, / Чөптүү жерге капташса, / Капталдан келип жиреген, / Кайыңы көктү тиреген, / Чырпыгы бар чынардай, / Чынары бар мунардай, / Чымчыктары улардай, / Чымчыктардын үнүнө, / Чыдап бенде тура албай, / Талдары бар түркүктөй, / Таранчысы өрдөктөй, / Жалган айтып койбосом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
эми эле, / Өлдүрөгөн андан көп, / Чокморум кана меники, / Сүйрөп келгин бери, деп, / Күжүлдөгөн андан көп, / Өлөбүз бүгүн эртең, деп, / Бүжүрөгөн андан көп, / Таранчыдай бужурап, / Кужураган андан көп, / Жаны тынбай кымылдап, / Күдүрөгөн андан көп, / Улук болбой жерге кир, / Кыргыз менен урушуп, / Кырат экен бизди, деп, / Кудур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бир күнү кечке жакын, Калжат деген бир таранчынын (уйгурдун) кыштагынын жанына келип кондук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан болуп жерге сойлоду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →