тарамыш
- Булчуң эттерди сөөктөр менен туташтырып туруучу, созулуп кайра калыбына келүүчү, серпилгич Тарамыштын создугуп же болбосо чоюлуп калышы анын кокустап калыш ынан болот («Д ен соолук»).
- Бут кийимди ултаруу, тигүү үчүн малдын (көбүнчө жылкынын) ушундай затынан жасалган жип.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жана сермеп кармарда, / Коргошун жүрөк, жел билек / Коркпой турган Чакмакташ, / Албарс менен Сазанды, / Ач билекке чапканда, / Күч берүүчү тарамыш, / Таарый чаап таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…зим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми ө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сөөбү ушак болсо да, / Нескарадан кем эмес, / Бүткөн бойу тарамыш, / Чымырканган эр эле, / Чыкса Агыш чыга алат, - / — Кайда, барбы Агыш?- деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →