таракта
- Катуу кыймылда, тез жүрүүдө кагылуу, согулуу аркылуу калдыраган, калдырттаган дабыш чыгаруу.
- Обу жок карбаластап удургуй берүү, курулай чабагандоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сандыкты ачып ийгени, / Кулпуга кагаз тийгени, / Кулпу ачылды шарактап, / Ачылды эшик тарактап, / Кеңкуланы жетелеп, / Кирип Кенен баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ып баратат, / Жал-куйругун төгүлтүп, / Шалактатып баратат, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Жалактанып баратат, / Топуракты чачыртып, / Жерди арыктай каздырды, / Тарактатып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →