тар
- Эни, көлөмү тайкы, кууш, кең же жайык эмес, кысылыш.
- Жетишсиз, кемчил, кысталыш, кененчилик эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Таласка барып эл талап, / Бүлүк салат экен, — деп, / Бейкут жаткан кыргыздар, / Түйшүк тартат экен, — деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлонду, / Көөнүндө буга токтолду, / Көмөрүп башка кийгени, / Көл темирге ок…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Падыша Чыңгыш болсоң да, / Өтө сенин пейлиң тар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро иниң кар болду, / Эки колдун далысын, / Канчоро капыр кескилеп, / Кең дүйнөсү тар болду!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эмесе, аба» — деп, — / Бура тарта бергенде, / Бурула тартып кеп айтат, / Анык ички сырды айтат: / «Эми жеттим, Семетей, / Суркойон сындуу бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →