тапылда
- Баскандан, чуркагандан тактай чапкандан чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Болуп жаткан тапылдак, / “Андай сайып, мындай чаап” / Акыл берип балбанга, / Карасур менен калдайып, / Калдык турат какылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балкылдап, / Дем албастан күн-түнү, / Урушуп жүрөт акылдап, / Жарактан чыккан жаңырык, / Эрден чыккан бакырык, / Ат дабырты тапылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Сүр көрсөтүп түнүндө, / Калыбектин аскери, / Мылтык атып тарсылдап, / Алай-дүлөй - барсылдап, / Жер жарылып таш кулап, / Агып суула…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу бол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аликенин эжеси, / Аты экен Чакылдак, / Сүйлөп жатат Чакылдап, / Шилекейи куйулуп, / Ууртунан агып тапылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дүбүртү аттын тапылдап, / Угулду бейм ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →