тапшырма
- Орундоо, аткаруу үчүн бирөөгө тапшырылган, буйрук кылынган иш, жумуш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…оро далбактап, / Кошойду тосуп баратса, / Кол кабылды астында, / Сексен алты сан экен, / Серпишер эрлер бар экен, / Ырчы уул менен Боз уулга, / Хан Бакай берип тапшырма: / — Алып барып түшүр, — деп, / Алмамбеттин айлына, - / Айкөл Манас артынан, / Арылай кетти бастыра, / Калкылдаган кол менен, / Келе жатса Ырчы уул, / Шоорукту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кандын тапшырмасын аткара албай эки жигит кайра үйүнө кайтты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →