тапшыр

китептерде 164 жолу, 10 китепте
  1. Милдеттендирүү, бир нерсени орундоону бирөөгө буюруу, табыштоо.
  2. Өткөрүп берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чакмакташтын өлүгүн, / Кетиркейге тапшырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыргыл менен Байматты, / Кыраан Бакай башкарды, / Бакай турса тапшырып, / Башын алса айтабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажалың тартып келипсиң, / Жеткирбей сени Таласка, / Кадемиңди катырып, / Кара жерге тапшырып, / Жер жайнаган колуду, / Олжо кылып алайын, / Кутургурду сайдым деп, / Сүйүнчүлөп барайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ээрчитип алып бастырып, / Насыйатын тапшырып: / “Сен кыйгактуу найза ала элек, / Кыйкырып жоого тийе элек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →