таптык

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Тапка таандык, таптык мүнөздө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра качып биз келдик, / Ошолордон коркконсуп, / Кара шаарда жай жаттык, / Камбылда жүрүп мал таптык, / Отордун кебин тыңшабай, / Же козголбой биздер жатпапбыз, / Коктукаттын шаарына, / Бүгүн бир түнөөгө батпапбыз! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жалгасын кудай, балам, деп, / Жабырап баары алкады, / Баш көтөрүп заңк этип, / Баатыр Гүлүс айтканы: / — Э э, кулунум Куйалы, / Көзүң көрүп турасың, / Азыркы мезгил убакты, / Туура таптык биз сенден, / Бир эле кепти сурашты, / Күн батыштан эл барды, / Жөн кетпей алар кеп салды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Көп таппадык, аз таптык, / Таппай куруу калбадык, / Жүр, чогулуп бир жерге, / Азыраак жутуп алалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки көзүн айрыбай, / Кебелбей да кенебей, / Тиктеп турат абасы, / Катырып койгон немедей / Сүйүнүп кетти Сейитек, / Сонун олжо таптык деп, / Жүрөгүндө ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дарыны издеп таптык, деп, / Тайгандын көөнү карк толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →