тапан2

китептерде 432 жолу
  1. Алчы, таа жактары жонулган, өкчөгөндө же алчысынан, же таасынан конуучу чүкө.
  2. өт. Куу, митаам, айлакер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Желмогуз келип кез болгон, / Бозбөктөр деген бел экен, / Тапан ханды көргөндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Тапан хандан бир киши, / Сейитимге жеткени, / Тапан хандан Сейитке, / Айтып келген кептери: / — Калкылдатып туу кармап, / Канча күнү кармаштык, / Сейитиге баргандын, / Баарысы кылды жармаштык, / Селдей каптап эл кеттик, / Арыкта суудай кан кечтик, / Балбандан өлдү канчасы, / Биз талапка жетпедик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Эрегишкен Тапан хан, / Элди кайдан айаган, / Эркек киндик, жаш айал, / Аскерге баарын айдаган, / Жердин бети жык толду, / Аскер менен кайкайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тапан хандын кыйалын, / Такыр билген желмогуз: / “Абийиримди кетирет, / Тапан хан бугун бой кошуп, / Тарамышын Тапандын, / Керге келгис кылайын, / Келгин, Тапан жакын деп, / Келберсип карап турайын, / Уйатымды жабам, деп, / Унчуккус муну кылайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тапан ханды өлтүрбөйт, / Өзү айткан кеби бар, / Мени дагы өлтүрбөйт, / Эр эмеспи Сейитим / Айткан кебин тана албайт, / Түндүктөн келди түштүккө, / Сулуу кызды кубала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →