танты

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Орунсуз сөз сүйлөө, дайынсыз тантырап сүйлөй берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызга болду Талас жер, / Ал Таласты ээлеген, / Аа дүйнө кеткен Манас дээр, / Кыдыртып айтып атамды, / Тантып кепти салбайын, / Талабың Талас алмакбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атаңдын көрү алты хан, / Айтаарын билбей тантыган, / Жээниң менен тайыңды, / Жеп жутамын баарыңды, / Жок экенин билбейсиң, / Өз башыңда арыңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро кул чолоңдоп, / Келип кеткен эмеспи, / Тантыгандар айткандыр, / Кыйнап жатат бизди деп, / Ошол кул айткан кеп үчүн, / Күмбөздү тайып ыйла деп, / Ошого дарбып жаткандыр, / Айыл башы болгондор, / Азабын чындап таркандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →