таноо
- Мурундун дем алуучу тешиктери.
- Ошол тешиктердин эки жак капталдары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арам кыйал кара ниет, / Байлоодогу Бактыбай, / Башын кесип алам, деп, / Чаначтай көөп дардаңдап, / Таноосу батпай барбаңдап, / Манжу Бодоң баратат, / Мен кесейин башын, деп, / Жедигердин Кара көз, / Бир жагынан келе атат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Имерилсе жаныбар, / Жайкалган шибер чөп экен, / Жан барбас туйук жер экен, / Ушул жерде эндиреп, / Кулагы тунуп дүңгүрөп, / Аккуланын үстүнөн, / Жыгылып калды дардайып, / Сулап жатты далдайып, / Дем алганда таноосу, / Узунга дейре барбайып, / Бетине чымын кондурбай, / Аккула турду кайтарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таноосу тектир сеңирдей, / Теңдешсе жоодон эринбей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →