танап

китептерде 27 жолу, 7 китепте
  1. Аркан, бир-бири менен байланыштырылган, түйүштүрүлгөн жип.
  2. Гектардын 1 /6 бөлүгүнө туура келген жер чени.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Такка минип хан болуп, / Тайрайып жаткан жан болуп, / Маслетчи Бетери, / Какжаңдаган чал болуп, / Жаткан Отор бир жактан: / “Такка миндим, эл билдим, / Танабын жипке тиземин, / Мени кастап келгендин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Иши оңолгон Тазкара, / Жел сөзгө тузак салуучу, / Мунун өзү бир балаа: / — Сен Картыке эмессиң, / Кочкор үндүү коркурак, / Абазыңан мен билдим, / Жайа салып жай айткан, / Амалыңдан мен билдим; / Алдап-соолап алпарчу, / Талабыңды мен билдим, / Узун койуп бек тартчу, / Танабыңды мен билдим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аттан бетер жүгөндөп, / Өз белине таңыптыр, / Уйдун мурдун танаптап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Каңгайдан чыгып баатырың, / Таласка кетип баратат, / Жер танапташ эмеспи, / Элдин баары угуптур, / Каңгай менен Таластын, / Арасында бардык эл, / Баатырдан соогат алсак, деп, / Камданып булар туруптур, / Үч жерде кыргыз топ б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →