тамылжы

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Бети кызарып нурлануу, көшүлүү, магдыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырдын белек Каракөк, / Карап турду тамылжып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кендирбайдын Керкөкүл, / Жаңыдан колун кураган, / Жалманган жоодон жанбаган, / Табы күчтүү кор экен, / Тамылжып турган зор экен, / Ээрчитип келген кишиси, / Жыйырма беш сан кол экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өңүбүзбү, түшүбүзбү деп, / Бузулуп өңү сумсайып, / Тамылжып карап үшкүрүп, / Анык таанып аларды, / Асыла кетип жармашып, / Турганында жанында, / Эки баатыр карабайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баатыр Гүлүс жаа тартты, / Укпагандар көрбөгөн, / Ар түрлөнгөн дооштон, / Эстери чыгып аз калды, / Ээрчип барган малайлар, / Ыштанга сийип таштады, / Тамылжып бетке кан келди, / Жааны тартып жиберди, / Алтоону кечип кетмендин, / Жетинчисин кечпеди, / Толо элек экен күчү деп, / Боло элек экен Кыйазга, / Беттеше турган… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дасторкону териден, / Тазалап алып кеткенде, / Тамылжыган Кызыл дөө, / Ошондо сөзгө келди эле: / “Кайдан келген кишисиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →