тамызгы
- Тезек, көмүр же башка ири отундарды тамызуу, тутантуу үчүн алдыда жагыла турган майда, куу отун, чырпык, куурай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздан чыккан кыраанын, / Келатып жолдо көз көрдү, / Жакшы-жаман дебестен, / Жайынча айтып өткөрдү, / Тамызгыдай кыргыздар, / Ысыгы калып өчкөндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ашыгып Гүлүс кеп айтты: / — Андай болсо, энеке, / Кулагына тамызгын, / Колуңду тосуп жеңеке, / Көзүнө сыйпап агызгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →