тамшан

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Даам татканда же даам таткысы келгенде суктангандык, самагандык менен тилин көмөкөйүнө жабыштырып шилекей ирмөө.
  2. Жалпы эле бир нерсеге суктануу, аны самоо, сугу түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүлөнүп Тотой барыптыр, / Каракөз кебин салыптыр, / Хан Бактыбай карарып, / Ачып көзүн каранып, / Алдыңкы ээрдин жаланып, / Туз таткандай тамшанып: / — Каракөздүн кеби деп, / Айтып келген сенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оозу кургап кан катып, / Улум-улам тамшанып, / Камчысын булгап бакырып: / — Баарың кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…е, калгыла, / Мен үйүмө кетейин, - / Каныкей кетти аттанып, / Көзкаман калды муңканып: / — Мен шек алып калдым келинден, / Нечен айтчу кептенип, / Токтоп калды тамшанып, / Тура берип айлында, / Кабылбайлы балаага, / Агытып койду аттарын, / Качалы айдап бүт баарын, / Аккуласын агытпай, / Байлап жүрөт Манасың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…раандар ыйлаар күн кана, / Томсоруп жаткан жапанга, / Токтолуп күнү жаабаса, / Асмандан түшкөн жамгырдын, / Тамчысы жерге тамбаса, / Чабышка минсем Телкүрөң, / Тамшанып суудан чалыкса, / Мен чыдаармын Сейити, / Кырк бир күндүк ачкага, / Баса албай тулпар чаңкаса, / Жалгыз башым көп колду, / Чабалбай кылыч талыксам, / Кийген ол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…эске алып, / Качканын көрүп кыргыздын, / Көзүнөн жалын от жанып, / Уйкусу качты баатырдын, / Жумулбай көзү чакчайып, / Көөдөнү кургап тил катып, / Ээрдин жалап тамшанып, / Каарын салып кумсарып, / Кабагын ачпай сумсайып, / Эки жагын каранып, / Эр жүрөк артык жаралып, / Алп Бозойдон укканы, / Көз алдында саналып, / Кетип барат … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →